Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан улуу  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Айтматов дүйнөсү” шаардык сынагы өткөрүлдү.

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын чыгармачыл жамааттары катышты.

Иш-чараны № 4 балдар искусство мектебинин окуучулары ыр-бий менен баштап, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.

Сынактын катышуучулары жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча дубал гезиттерди даярдап, чыгармалардан сахналаштырган үзүндүлөрдү көрсөтүп, топ башчылары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча суроолорго жооп беришти.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Биринчи май районунун № 15 орто мектеби баш байгеге, Октябрь районунун № 182 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячылары жана № 73 орто мектептин мугалимдери биринчи орунга, Ленин районунун № 84 жалпы башталгыч билим берүү уюмунун чыгармачыл жамааты экинчи орунга, ошондой эле Свердлов райондук администрациясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Салык кызматынын, № 18,19,20,21 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлеринен турган курама топ экинчи орунга жана № 67 мектеп-гимназиясынын эмгек жамааты үчүнчү орунга ээ болду.