Жол кыймылынын жана жѳѳ жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Садыгалиев жана Лев Толстой кѳчѳлѳрүнүн кесилишине светофордук объект орнотулду.

Бул жылы КЭР берилген гранттык каражатка «Бишкек шаарынын кѳчѳ-жол тармагын жакшыртуу» долбоорунун биринчи фазасынын алкагында, Лев Толстой кѳчѳсү Б.Алыкулов кѳчѳсүнѳ чейин узартылды. Кѳчѳнү узартуу менен  Дэн Сяопин жана Гагарин кѳчѳлѳрүндѳгү жол тыгыны азайды.

Аталган кѳчѳдѳ транспорт кѳбѳйгѳндүгүнѳ байланыштуу жол чырак орнотуу керектелген. Бүгүн, 7-сентябрда атайын монтаждык эксплуатация башкармалыгынны кызматкерлери тарабынан жаңы жол чырак орнотулуп,  ишке киргизилди.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!