Билим берүү башкармалыгына караштуу мектеп парламенттеринин лидерлеринин шаардык комитети тарабынан №30, 22, 34 адистештирилген мектептерине баруу менен «Мээрим. Достук. Ишеним» акциясы ѳткѳрүлдү.

Ошондой эле,  мугалимдер жана окуучулар Улуттук онкология борборунда дарыланып жаткан балдардан кабар алышты. Акциянын программасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кол ѳнѳрчүлүгү, оюндар, конкурстар, цирктик кѳрсѳтүүлѳр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда майрамдык концерт  каралган.

Акцияга мектеп парламентинин жана балдар уюмдарынын активисттери, мугалимдер жана ата-энелер комитетинин ѳкүлдѳрү катышышты.

Аталган акция  жыл сайын ѳткѳрүлүп келген  боорукерлик жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди  колдоо айлыгынын алкагында ѳткѳрүлдү.

Жалпы Бишкек шаары боюнча атайын адистештирилген  3 муниципиалдык мектебинде 687 ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!