Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарындагы башалман соода-сатыкка жол бербѳѳ үчүн күн сайын рейддерди ѳткѳрүп турмакчы.
Бүгүн, 10-декабрда Ленин акиматы райондук кызматтар менен биргеликте Чүй проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Бейшеналиева кѳчѳсүнѳ чейин, Бейшеналиева кѳчѳсүнүн Чүй проспектисинен Киев кѳчѳсүнѳ чейин, Киев кѳчѳсү боюнча Бейшеналиева кѳчѳсүнѳн Кулуев кѳчѳсүнѳ чейин рейд ѳткѳрүлдү.

Башаламан соода-сатыктан Киев-Кулуев, Бейшеналиева –Киев, Бейшеналиева-Чүй, Жаш Гвардия бульвары-Чүй  кѳчѳлѳрүнүн кесилиштери бошотулду.

Киев-Бейшеналиева кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги коомдук тамактануу жайына айланган, санитардык-нормаларга жооп бербеген  жерге ѳзгѳчѳ текшерүү жүргүзүлдү.  Текшерүүнүн жүрүшүндѳ 25 ар түрдүү мыйзамсыз коюлган жарнама конструкциялары жана жеңилдетилген типтеги объектилер алынды. Ошондой эле, администрациянын кызматкерлери тарабынан белгиленбегени жерге соода жүргүзүүгѳ жол берилбей тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.