Калаада жеке мончолордун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ.

20-декабрда Октябрь жана Ленин райондорунда райондун ИИБ, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл борборунун, КРнын Ѳкмѳтүнѳ караштуу экологиялык жана техникалык  коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда текшерүүлѳр жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кулиев кѳчѳсү №24 дарегиндеги жеке мончонун ээси Сатарова А.нын атына,  Павлов кѳчѳсү №17 дарегиндеги мончонун ээси Плотникова Н.дин атына  административдик укук бузуу жѳнүндѳ протоколу түзүлүп, Ала-Арча кѳчѳсү №53 дарегинин ээси Кочконбаева М., Ахунбаев-Куручук кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги «Датка» мончосунун ээсине эскертүүлѳр берилди. Бул мончолор синтетикалык кездемелерди жана желимдерди жагып жатышкандыгы аныкталды.

Бул багыттагы текшерүүлѳр күн сайын жүргүзүлүүдѳ.

Урматтуу шаар тургундары!

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы  экологияга зыян келтирген тигүү кездемелерди, унаалардын дѳңгѳлѳктѳрүн жакпоолорун суранат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!