21-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында КРнын Энергетиктер күнүнѳ арналган салтанатуу иш-чара ѳткѳрүлдү.
Энергетика тармагынын кызматкерлерин Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлѳбаев куттуктап, бекем ден соолук, бакубат турмуш, кесиптик ишмердүүлүктѳ жаңы ийгиликтерди каалады.

Салтанатуу иш-чаранын жүрүшүндѳ энергетика тармагындагы ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлерге ардак грамота, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!