Октябрь райондук администрациясында балдар иши боюнча комиссиянын пландык жыйыны ѳткѳрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндѳ  топтук мушташуу, ата-энелик милдеттердин тийиштүү аткарылбагандыгы, мектепти дайыма калтыргандыгы, балдарды коргоо боюнча жеке планды бекитүү жана жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын каттоосунан алуу маселелери талкууланды.

Турмуштук оор кырдаалдагы жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн ата-энелерине бардык юридикалык жактан, укук белгилѳѳчү документ алууга  жардам кѳрсѳтүлүп, ошондой эле, материалдык жардам бѳлүнүп, ишке орноштуруу жүргүзүлѳт.

Балдар иши боюнча комиссиянын жыйыны жума сайын ѳткѳрүлүп турат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!