Бишкек шаарынын акимиаттары энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттукташты.

Октябрь районунун акиминин орун басары Таалайбек Акматбаев «Бишкексвет» Минин, «Бишкекжылуулукэнерго» КИнин, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнун Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын, «Түндүкэлектр» ААКнун чыгыш районунун кызматкерлерине ардак грамоталарды жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков райондун бардык энергетиктерин куттуктап, бекем ден соолук, бакубат турмуш, ачык асман каалады.  Ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлерге муниципалдык администрациянын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Биринчи май районунун башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков «Түндүкэлектр» ААКнун Батыш РЭСинин салтанаттуу жыйналышына катышып, энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ишкананын ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлерине муниципалдык администрациянын ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!