Ленин районунда жаңы жылдык иш-чаралар улантылууда.

“Октябрь” кинотеатрында Ленин районунун 300 баласы үчүн жаңы жылдык көрсөтүү тартууланды. Жаш Гвардия бульвары жана Чүй проспектисинин кесилишинде райондун балатысын жандыруу иш-чарасы өткөрүлүп, флэшмоб жана концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага райондук кызматтардын жетекчилери, райондун тургундары жана коноктору катышышты.

Темир жолчулар клубунда 250 баланы камтыган жаңы жылдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды. Балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, белектер таратылды.

Жал-23 кичи районунда 200 балага жана райондун тургундарына “Эрк” тобунун артисттери тарабынан театралдаштырылган көрсөтүү сунушталды. Иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров жана  Ленин районунун акими Нурдин Тынаев тургундарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктшаты.

Орто-Сай айылынын аз камсыздалган үйбүлөлөрүнүн балдарына 48 жаңы жылдык белектер таратылды. №58 орто мектебинде жаңы жылдык театралдаштырылган көрсөтүү уюштурулуп, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн 130 баласына белектер тапшырылды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!