Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов жана Бишкек шаардык кеңештеринин депутаттары Бактыбек Абдиев, Эмиль Сыдыков карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жалпы типтеги Бишкек шаардык социалдык мекемесинин тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.

Мекеменин тургундарына КРнын Чек ара кызматынын музыкалык ансамблисинин жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланды.

Коноктор мекеменин жетекчилигине аткарган иштерине ыраазычылык билдирип, тиешелүү шарттарды түзүү үчүн каражат бөлүнөрүн белгилеп, тургундарга бекем ден соолук, узак өмүр жана ачык асман каалашты.

Иш-чаранын соңунда мекеменин директоруна, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Бишкек шаардык кеңешинин жана муниципалдык администрациянын ардак грамоталары, ал эми демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!