Шаардык бюджетти толуктоо максатында, калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан муниципалдык жер тилкелерин колдонууга дебитордук карыздарды азайтуу жана келишимдик мамилелерге ылайык акча каржаттарын чогултуу  боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ыкчам маалыматтар боюнча, 2018-жылы 505млн.сом, анын ичинен эки айдын ичинде 100 млн.сом каражат чогултулган. Бул учурда башкармалык тарабынан 8 га жер тилкеси мэрияга кайтарылды.

Азыркы учурда Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан берилген жер тилкелерин толук иликтөө, ошондой эле, дебитордук карызы бар ижарачыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Жер ресурстар башкармалыгын Азиз Алымкулов жетектейт. Аны бул кызматка калаа башчысы Азиз Суракматов 2018-жылдын ноябрь айында дайындаган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!