28-декабрда шаардык муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун жетекчилиги алдында жана КРнын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун катышуусунда 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган бузуулар жөнүндө жаңы кодексин талкулоо боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга райондук администрациялардын башчылары, шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Маанилүү бөлүгү – кодекстин 26-беренесине жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргундарынын ыйгарым укуктары кирет, ошондуктан шаардык кызматтар үчүн он-лайн режиминде мыйзамды ишке ашыруудагы механизмдер жана бузуулардын бирдиктүү реестри, ошондой эле, кызыккан суроолор берилди. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бузууларды бирдиктүү реестр базасына каттоо үчүн муниципалитеттин жооптуу кызматкерлеринин тизмесин берүүнү тездетүүнү суранышты.

Бишкек-сүйүктүү, коопсуз жана таза шаар!