Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында орнотулган башкы балатыдан тышкары, 20 балаты орнотулду.

Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 18 метрлик балаты, Кыргыз академиалык опера жана балет театрында 10 метрлик балаты орнотулду.

Биринчи май районунда Тоголок Молдо скверинде, Горький атындагы паркында, Баят базарында, Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жана Ак-Босого жаңы конушунда балаты орнотулуп, кооздолду.

Октябрь районунда шаар тургундары жана коноктору үчүн Д.Асанов атындагы Жеңиш паркындагы 8 метрлик балаты жаңы жылдык маанай тартуулоодо. Ошондой эле, 24-март скверинде, Тунгуч кичи районунда, “Көк-Жар”, “Алтын-Ордо”, “Кара-Жыгач” жана “Рухий -Мурас” жаңы конуштарында балатылар орнотулду.

Ленин районунда “Жал” кичи районунда, Фучик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде, Жаш Гвардия бульварында райондун башкы балатылары орнотулуп, шаардыктарга жаңы жылдык маанай берүүдө.

Свердлов районунун аймагында 6 жаңы жылдык балаты орнотулуп, кооздолду. Райондук администрациянын алдына 15 метрлик балаты, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине 6 метрлик, №38 мектеп-гимназиясынын алдына,  М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын алдына жана Эне-Сай жаңы конушуна 5 метрлик 3 жасалма балаты орнотулган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!