Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Токтоналиев жана Түштүк магистралдын кесилишинде курула турган жаңы паркка көчмө жыйын өткөрүп, курулуш иштери менен таанышты.

Парктын аянты 17,36 гектарды түзөт. Бул жерде отургучтарды, таштандыларды таштоочу челектер, балдар үчүн чакан аянтчалар, воркаут-аянтчалар, тротуарлар жана жарыктандыруу объектилери орнотулат. Жайды куруу бир нече этапта өтөт. Куруу иштери аба ырайына  карап башталат.

Ошондой эле, мэр Түштүк магистралдагы веложолдун абалын текшерип, кемчиликтер бар экендигин аныктады. Бардык кемчиликтер жакынкы аралыкта «Золотая долина» ЖЧКсы тарабынан жоюлат.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!