2019-жылдын 1-январынан тартып КРнын Бузуулар жѳнүндѳ кодекси күчүнѳ кирди.

Жаңы кодекстин 313 беренесине ылайык, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарында ишти кароо үчүн ѳздѳрүнүн чечимдери менен комиссия түзүшѳт. Комиссия жѳнүндѳ жобо, анын сандык жана жеке курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча  комиссиялар тууралуу жобонун долбоору иштелип чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кароосу жана бекитүүсү үчүн жиберилди. Бул жобо бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларды түзүү тартибин жана иш-аракеттерин, анын ичинде бузуулар жана бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө иштердин алар тарабынан кароо жана түзүү тартибин жөнгө салат.

Жобонун долбоорунда бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча райондук администрацияларда комиссия түзүү каралган. Аталган комиссия КРнын бузуулар жөнүндө кодексинин беренелери менен иштөөгө укуктуу.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 27 беренеси киргизилген.

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын типтүү курамына төмөнкүлөр киргизилет.

Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысынын орун басары  –комиссиянын төрагасы;

Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы – комиссиянын төрагасынын орун басары;

Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча бөлүмүнүн адиси – комиссиянын катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Санитардык экологиялык инспекциянын өкүлү;

Администрациялык укук бузуулар жасалган аймактагы Муниципалдык администрациялык башкармалыктардын өкүлү;

Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын укуктук маселелер боюнча адиси (юрист);  

Ички иштер райондук башкармалыктарынын өкүлү (макулдашуу боюнча).