Ленин райондук администрациясынын жыйындар залында аким Нурдин Тынаевдин жетекчилиги алдында жалпы билим берүү уюмдарына электрондук каттоону киргизүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга КРнын Билим жана илим министрлигинин консультанты Рамиль Ярмухамедов, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышышты.

Аталган жыйында Ленин районунун мектептерине электрондук каттоону киргизүү талкууланды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!