№4 мектеп-гимназиясынын базасында мектеп театралдык жамааттарынын арасында өткөрүлүп жаткан «Сыйкырдуу сахна дүйнөсү 2019» шаардык конкурсунун тандоо этабы өткөрүлдү.

Конкурстун максаты окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү, мектеп театралдык жамааттарынын жетекчилеринин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу болуп саналат.

Шаардык конкурстун тандоо этабында профессионалдуу калыстар баалашты.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү аныкталышты:

1 -орун -Т.Сатылганов атындагы № 69 ОТКМ жана № 4 мектеп гимназиясы;

2 –орун  –№ 32 орто мектеби жана  № 59 орто мектеби;

3 -орун –№ 72 мектеп гимназиясы жана   № 47 орто мектеби.

2019-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Абдымомунов атындагы кыргыз академиалык театрында мектеп театралдык жамааттарынын фестивалы өткөрүлүп, “Сыйкырдуу сахна дүйнөсү 2019” шаардык конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!