Шаар тургундарынын жана конокторунун көптөгөн кайрылууларынын негизинде Ленин райондук акимиаты Ош базарынын айланасын иретке келтирүү иштерин улантууда.

Азыркы учурда “Ош базары” СБК жетекчилиги соодагерлердин жана кардарлардын коопсуздугун, чөнтөкчүлөрдөн коргоо үчүн “Москва” жеке күзөт мекемесин ишке тартты.

Муниципалдык администрациянын жана күзөт кызматынын биргеликте алып барган ишинин алкагында “Ош базары” СБКнин борбордук өтмөгү таштандылардан тазаланып, кардарлардын коопсуздугу үчүн тосмолор орнотулду.

Акимиаттын кызматкерлери сатуучулар жана кардарларга жерге коюлуп сатылган тамак-аштардын зыяндуулугу боюнча тушүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!