Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Зарлыковдун Кыргызстан-Туркия-Кайсери ардак консулу жана түрк ишкерлеринен түзүлгѳн делегациянын тѳрагасы Мустафа Курт менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ түрк ишкерлери ѳздѳрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти, ошондой эле, курулуш, энергетика, электрондук коопсуздук системасы, борбордо лифт жасоо жана оңдоо жана башка маселелер талкууланды.

Кыргызстан-Туркия-Кайсери ардак консулу Мустафа Курт Бишкек шаарынын мэриясына жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!