14-январда шаардык муниципалитетте  Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун вице-мэрлер, түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда кезектеги пландык жыйын ѳткѳрүлдү. Бул жыйын  калаа башчысынын бул жылдагы биринчи жыйыны.

Пландык жыйында мэриянын колл-борборунун жана «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын ѳткѳн жылдагы аткарган иштери жана алдыга койгон милдеттери талкууланды.

Колл-борбордун башчысы Назгүл Садыкованын айтымында, ыкчам чараларды кѳрүү кызматында учурда  15 киши эмгектенет. 5 оператор керектүү жабдуулар менен жабдылган. Ѳткѳн жылы колл-борборго шаар тургундары тарабынан 44 миң 331 кайрылуу келип түшкѳн. Алардын катталганы 10 миң 248 кайрылуу, аткарылганы 9 миң 800. Кайрылуулардын кѳпчүлүгү электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу, тышкы жарыктандыруу жана башка маселелер.

Экинчи маселе боюнча «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын башчысы Талгат Үмѳталиев отчет берди. «Бишкек шаарында кургак тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоору боюнча учурда полигондо долборлоо-иликтѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ. Жаңы полигондун эскиздик долбоору жана курулуш иштери боюнча инженердик-техникалык чечимдеринин негизги бѳлүгү жыйынтыкталды. Ушул жылдын апрель айында курулушка уруксат берилет жана май айында  полигондун курулушун баштоо пландалууда. Курулуштун мѳѳнѳтү 1 жыл.

Кеңешменин соңунда калаа башчысы Азиз Суракматов таштанды иргѳѳчү заводду курууну 2020-жылга бүтүрүү, колл-борборго шаардык кызматтар менен иштѳѳнү күчѳтүү жана шаар тургундарынын аткарылбаган кайрылууларын азайтуу милдеттерин тапшырды.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!

Отчет_Коллцентр.pptx