Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Токтосун Султанов кварталдык жана үй комитеттерине, МАБдардын ѳкүлдѳрүнѳ жыйын ѳткѳрдү.

Жолугушууда район башчысы 2018-жылы аткарылган иштер жана 2019-жылга карата пландар тууралуу маалымат берди.

Үй комитеттери райондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуштарды беришти. Учурунда район башчысы берилген сунуштар 2019-жылдын титулдук планына киргизилерин белгиледи.

Ошондой эле, район башчысы 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирген мыйзамдар тууралуу маалымат берип, бузуучуларга чаралар кѳрүлѳрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда район башчысы Токтосун Султанов катышуучуларга калктын жашоосун жакшыртууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!