Свердлов району боюнча муниципалдык администрациянын демилгеси менен райондун тигүүөнөр жайында иштеп жаткан ишканалар менен жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушунун максаты аталган өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмүн көбөйтүү жана ишканаларда болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Иш-чарага 30дан ашык тигүү ишканаларынын жетекчилери, муниципалдык администрациянын жетекчилиги, жеңил өнөр жай Ассоциациясынын өкүлү, № 17 кесиптик лицейдин башчысы, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, райондук салык кызматы менен райондук Социалдык фондунун кызматкерлери катышышты.

Чогулушта ѳндүрүштѳрдү сатуу, заказдарды кабыл алуу, тармакты каржылоо, өндүрүшкө керектүү адистерди даярдоо, керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланды.