Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан Ж.Абдрахманов жана Фрунзе кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги 140 чарчы метр жеңилдетилген типтеги объект алынды.

Аталган жерде жеңилдетилген типтеги объект максатсыз колдонулуп жаткан. Комиссия жерди колдонуу ижарасын узартпоо чечимин чыгарды.

Комиссиянын чечиминин негизинде Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы аталган объектини алды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!