Свердлов райондук администрациясында район башчысы Самарбек Болотбековдун жарандарды жеке кабыл алуусу ѳткѳрүлдү.

Район башчысы Самарбек Болотбеков район тургундарынын кабыл алып, кѳйгѳйлѳрүн укту. Кабыл алууда материалдык жардам бѳлүү, жер маселелери, жолдорго шагыл тѳгүү, Осмонкул кѳчѳсүнѳ тышкы жарыктандырууну орнотуу, мыйзамсыз орнотулган күркѳлѳрдү алуу маселелери кѳтѳрүлдү.

Бардык кайрылуулар боюнча район башчысы муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине, тиешелүү кызматтарга, МАБдарга кыска мѳѳнѳттѳ чечүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, район башчысынын жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 15:00дѳн 17:00гѳ чейин ѳткѳрүлѳт. Жеке кабыл алууга жазылуу (0312) 36-01-93 номери аркылуу жүргүзүлѳт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!