Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан Лев Толстой кѳчѳсү Панфилов жана Зыфар Игембердиев кѳчѳлѳрүнүн ортосундагы техникалык тейлѳѳ станциясы мыйзамсыз орнотулгандыгы аныкталды.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгѳндѳн кийин, объектинин ээси тарабынан жалпы аянты 210 чарчы метрди түзгѳн мыйзамсыз объект алынды.