Свердлов районунда аким Самарбек Болотбековдун жетекчилиги алдында райондук коллегиянын  пландык жыйыны ѳткѳрүлдү.

Коллегиянын жыйынына Бишкек шаарынын вице-мэри Максим Ситников, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Мийзамидин Калыков, муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери, райондук кызматтардын  жана МАБдардын жетекчилери, шаардык кызматтардын ѳкүлдѳрү катышышты.

Жыйында Свердлов райондук администрациясынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2019 –жылга карата милдеттер, 2019-жылга карата муниципалдык администрациянын коллегия иш планын бекитүү каралды.

Белгилей кетсек, бул жыйын аким Самарбек Болотбекводун акыркы жыйыны, анткени, Самарбек Болотбеков башка жумушка ѳтүп жаткандыгына байланыштуу жумуштан кетүү арызын жазган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!