Шаардык муниципалитетте кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду. Свердлов районунун башчысы болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды.
2019-жылдын 21-январындагы №19-ок тиешелүү буйругуна шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Мурат Осмонов адистиги боюнча физик-инженер, ошондой эле, юриспруденция боюнча билими бар. Буга чейин ал Сокулук райондук администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Мурдагы аким Самарбек Болотбеков башка кызматка ѳтүп жаткандыгына байланыштуу ѳз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын  жазган.