Ѳткѳн жумада Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна шаар тургундары тарабынан 413 арыз жана кайрылуу келип түшкѳн.  Алардын катталганы 95 кайрылуу.

Электр энергиясына -33, тышкы жарыктандыруу жана жылуулук – 16, коомдук транспорт-6 кайрылуу келип түшкѳн.
Калган чалуулар сурап-билүү иретинде болгон.

Урматтуу шаар тургундары! Чалууларды күнү-түнү 185 жана 1840 номери кабыл алат, ошондой эле, көйгөйлөрдү сүрөттөрү жана так даректери менен 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер болот. Ал эми 1-ноябрдан тартып ыкчам чараларды көрүү кызматы кайрылууларды жана арыздарды 1850 кыска номери аркылуу кабыл ала баштайт.

Ошондой эле, арыздарды акимдердин орун басарларынын номерлерине жиберсеңиздер болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май  району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов  району) — 0703 611 806.

Шаар тургундарынын даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алуу боюнча "Бишкек 312" кызматы да иш алып барат. Өзүңүздүн арыздарыңыздарды же сунуштарыңызды калтыруу үчүн PlayMarket же AppStore  тиркемесин жүктөөңүз. Тиркемени активдештирүү үчүн өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, мобилдик телефонуңузду көрсөтүү менен бул же башка топко кире аласыз.

Тиркемени колдонуучулар турак жай, коммуналдык чарба, коомдук транспорт, жол куруу, социалдык мекемелердин иштери, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселери боюнча бөлүмдөргө кире алышат.

Андан сырткары шаардыктар "Бишкек шаарынын мэриясынын расмий каналы" бөлүмүнө өздөрүнүн сунуштарын калтыра алышат.