Бирөөнүн багуусуна муктаж болгон “Коломто”муниципалдык мекемесинин убактылуу жашоочулары үчүн көп өзгөчөлүктүү (функционалдык ) керебет алынды.

Эмерек  “Адилеттүү коом” майыптар коомдук бирикмиси аркылуу шаардык бюджеттин эсебинен социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан сатылып алынды.

Муниципалдык мекеме 70 үй-жайсыз адамдарга жардам жана колдоо көрсөтүп, аларга бекер ысык тамак-аш камсыздап келет. Өткөн жылы 1001 адамга жардам көрсөтүлгөн, анын ичинде 83 адам ооруканага, 9 -кургак учук ооруканасына, 1007- амбулатордук дарылануу алып, 22 адам туруктуу жашоо үчүн интернаттык типтеги мекемелерге жиберилген, 37 адамды туугандары алып кетип, 61 адамга документтерин алууга жардам көрсөтүлгөн.

Кайдыгер эмес шаар тургандарыбыз колдоого муктаж болгон адамдарга көп колдоо көрсөтөөрүн эскерте кетебиз. Мисалга алсак, борборубуздун тармактык ресторандары баш калкалоочу жайдын убактылуу тургундарын   даамдуу азыктар менен тамактандырган, шаардыктар өзлөрүнүн жылуу кийимдерин райондук акимиаттардагы атайын кутучаларга калтырып кетишет. Атайын кутучалар  Жарым Кызыл ай Улуттук Коомунун колдоосу менен орнотулган.

Азыркы учурда борборубузда 4 баш калкалоочу жай – экөө убактылуу жана экөө туруктуу иштейт. Учурда ал жерде 89 адам жашайт.
Биринчи май районунун аймагында Жибек Жолу № 413 дарегинде туруктуу бир жашай турган жери жок 70тен 100 чейинки сандагы адамдар үчүн түнөө жана бир жолку тамак-аш менен камсыздоо ишин алып барган “Коломто” муниципалдык мекемеси иштейт. Директору Сманалиева Айгүл Дондоевна. Байланышуу телефону: 30-48-55.

Ленин районунда Трудовой көчөсү № 10 дарегинде Турмуштун оор кырдаалында турган балдары менен аялдар үчүн “Центр милосердия” кайрымдуулук борбору иш алып барат. Учурда 21 бала менен 16 аял убактылуу башпаанек тапты. Директору Уркуя Исманова, 055054 66 22. Борбор менен байланыш телефону: 64-48-71.

Шаардын эки районунда ноябрь айынан тартып март айына чейин бир жолку түнөтүү жана ысык тамагы менен камсыздап убактылуу баш калкалоочу эки жай иштейт. Алар күнүнө 100 үй-жайы жок адамдарды кабыл алат.

Баш калкалоочу жай Свердлов району Фере көчөсүндө № 34 жайгашкан, телефону: 58-03-68, Свердлов районунун даректүү социалдык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Зеркинбек Мамаев, телефону: 360-335, 0556 564-656. Азыркы учурда бул жайда 35 адам бар.
Октябрь районундагы баш калкалоочу жай 12 кичи/райондо А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан, телефону: 42-64-47. Октябрь районунун социалдык кызмат секторунун адиси  Сталбек Эсенкулов, телефону: 570-392, 0708 880-218. Бул жайда 54 үй-жайсыз адам бар.

Бишкек – жан-дүйнөгө жагымдуу, сүйүктүү шаар!