Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү уюмдарына ѳзгѳчѳ кѳңул бурат.

Октябрь районунун  башчысы Ренат Айтымбетов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сергей Шин менен биргеликте №14, №62, №37 жана №64орто мектептерине бирден компьютер тапшырышты.

Октябрь акимиаты тарабынан билим берүү системасын ѳнүктүрүү боюнча иштер улантыла берет.

Буга чейин №73 орто мектебине жана №64 мектеп гимназиясына бештен компьютер белек кылынган. Жаңы жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков менен биргеликте №10, 16, 21, 32, 33, 35, 43, 46, 87, 94 мектептерине интерактивдүү такталар, проекторлор, компьютер жана ноутбуктар  белек кылынган.

Бул багыттагы иштер калаанын ар бир районунда ѳткѳрүлүүдѳ.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!