«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында Бишкек баатырдын эстелигине мыкты эскиздик долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык конкурстун биринчи туру жыйынтыкталды.

Калыстар тобунун курамы 17 мүчѳдѳн турат. Алардын ичинде скульпторлор, сүрѳтчүлѳр, архитекторлор, ошондой эле, «Бишкек баатыр» коомдук фондунун ѳкүлдѳрү кирген. Калыстар тобунун тѳрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев.

Кѳрсѳтүлгѳн иштерди талкуулоодон кийин добуш берүү ѳткѳрүлүп, экинчи турга 5 автор ѳттү.

Белгилей кетсек, экинчи тур февраль айынын башында ѳткѳрүлүп, жеңүүчүлѳргѳ так милдеттер коюлат. Жолугушууга тарыхчылар жана искусство илими жагынан адистер чакырылат.

0553 65 65 78 – Марат Курманалиев, Бишкек баатырдын жетинчи муунун бири.

0555468822 - Ринат Шамсутдинов, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын пресс-катчысы.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!