Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан Ахунбаев жана Б.Баатыр кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган соода күркѳсү, ошондой эле, Тоголок Молдо жана Киев кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги жеңилдетилген типтеги мыйзамсыз орнотулган объекти аныкталды.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгѳндѳн кийин мыйзамсыз орнотулган объектилер алынды.

Ошондой эле, «Ак-Ордо» жаңы конушундагы Тагай-Бий жана Ахунбаев кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги дагы бир жеңилдетилген типтеги объект алынды.