Шаардык бюджеттин эсебинен 84 социалдык кызматкерге мүлк-шайман, бут кийим, атайын кийим сатылып алынды.

Эми алар баардык керектөөлөр менен камсыздалды – күрмөлөр (жука сезондук сырт кийим), көйнөк, бут кийим (кышкы, сезондук, бөлмөдө кийүүчү), кол кап, мээлей, ийин баштык, жүз аарчы, ысык тамак жеткирүү үчүн  идиш-аяк, аптечка жана артериялык кан басымды текшерүү үчүн прибор (сфигмоманометр).

Кийим-кече Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №40 Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин мүлк-шайман, бут кийим, атайын кийим менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндөгү токтомун ишке ашыруу максатында сатылып алынган.

Азыркы учурда райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында бирөөнүн багуусуна муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз жашаган 682 пенсионерди тейлеп 84 социалдык кызматкер эмгектенет. Аларга тамак-аш, зарыл керектүү буюм, дары-дармек үйгө жеткизүү түрүндөгү кызматтар жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн турак-жай субсидияларына кагаз толтуруу, догдурду чакыруу кызматтары көрсөтүлөт.

Бир жумада 6 күн эсеби менен 184 опекага алынган адамдар үчүн бир жолку ысык тамак үйүнө жеткирилет. Бир жолку азык-түлүккө бир күнгө 60 сом өлчөмүндөгү күндөлүк ченем Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген, азык-түлүк менюсу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы Саламаттыкты сактоо министирлигинин азык –түлүк гигиенасы кафедрасы тарабынан бекитилген, азык-түлүктү жабдуучу электрондук мамлекеттик сатып алуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат.