Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов №19 МАБдын үй, кварталдык жана ТЭШ ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳткѳн пландык жыйынына катышты.
Жыйынга турак жай-коомуналдык чарба маселелери боюнча башчынын орун басары, муниципалдык администрациянын юристтери, №19 МАБдын башчысы жана кызматкерлери катышышты.
Жыйын суроо-жооп иретинде ѳткѳрүлүп, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирген мыйзамдар талкууланды.
Аталган жыйындын катышуучулары акимди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!