Биринчи май районунун жыйындар залында район башчысы Токтосун Султановдун жетекчилиги алдында коллегиянын жыйыны ѳткѳрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндѳ Биринчи май районунун 2019-жылдагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсү жана 2018-жылга карата милдеттер талкууланды.

Биринчи май районунун башчысынын биринчи орун басары Адилет Малдыбаев, райондун салык кызматынын жана социалдык фондунун башчылары доклад кылышты.

Коллегияга Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиев, башчынын орун басарлары, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдардын жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндѳ вице-мэр Бакытбек Дюшембиев жергиликтүү бюджетке кошумча киреше булактарын табуу боюнча иштерди күчѳтүү керек экендигин билдирди. Депутаттар шаардык кызматтар менен биргеликте райондун инфраструктурасын жакшыртуу иштерин автивдештирүүнү сунушташты.

Коллегиянын жыйынтыгында шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилерине, МАБдардын башчыларына тиешелүү тапшырмалар берилип, орун басарларга кѳзѳмѳлгѳ алуу тапшырылды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!