Калаада тиешелүү уруксат документтери жок, тротуарга мыйзамсыз орнотулган 3 жеңилдетилген типтеги объект жана дүкѳнгѳ кошулуп курулган 3 курулуш алынуу алдында.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Айни кѳчѳсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Шота Руставели кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүндѳ текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Ленин райондук администрациясы тарабынан соодагерлерге түшүндүрүү иштери ѳткѳрүлдү.

Ѳткѳрүлгѳн текшерүүнүн жыйынтыгында 100 чарчы метр аянт бошотулду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!