Свердлов районунда Жарандык коргоо органдарынын 2018-жылдагы аткарган иштери жана 2019-жылга карата милдеттери боюнча жыйын ѳткѳрүлдү.
Жыйынга башчынын орун басары Рустам Касымбеков, ѳзгѳчѳ кырдаал бѳлүмүнүн жана жарандык коргоо боюнча тиешелүү кызматтардын кызматкерлери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндѳ аткарылган иштердин отчету берилип, 2019-жылга карата милдеттер талкууланды. Ѳткѳн жылдын жыйынтыгы боюнча ѳзгѳчѳлѳнгѳн жарандык коргоо боюнча райондук кызматтардын кызматкерлерине жана МАБдардын адистерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Бишкек- сүйүктүү коопсуз шаар!