«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабынын алкагында камералар орнотулган 10 кесилишке жол инфраструктурасын иретке келтирүү иштери кызуу жүргүзүлүүдѳ.

Аталган кесилиштерде тиешелүү жол белгилери түшүрүлүп, жол белгилери жана жол чырак орнотулат.

Тесттик режимде камералар Бѳкѳнбаев жана Абдрахманов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде иштеп баштады. Азыркы учурда Жибек-Жолу проспектиси жана Жаш Гвардия бульварынын кесилишине фото жана видео аныктоо комплекси орнотулууда. Ал эми Москва жана Абдрахманов кѳчѳлѳрүнүн кесилишине түркүктѳр орнотулуп, камера орнотуу иштери жүргүзүлүүдѳ. Чүй проспектиси жана Бейшеналиева кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жол белгилери түшүрүлүүдѳ.

Чүй проспектиси – Фучик кѳчѳсү, Чүй проспектиси-Жаш Гвардия бульвары, Жибек-Жолу проспектиси – Абдрахманов кѳчѳсү, Чүй проспектиси – Курманжан Датка кѳчѳсү, М.Горький – 7-апрель кѳчѳлѳрүнүн кесилиштерине түркүктѳр орнотулду. Байтик Баатыр жана Манас проспектилериндеги ѳтмѳк ылдамдык режими комплекси менен жабдылды.

Кесилиштерге орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.

Долбоорду ишке ашыруу тѳрт этаптан турат. Экинчи этапты баштоо үстүбүздѳгү жылдын март айында пландалууда. Долбоорду «Концерн радиостроения «Вега» АК аткарууда.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаар!