2018-жылдын титулдук баракчасына муниципалдык менчиктин реестринде катталып, эскилиги жеткен лифттерди жаңылоо иштери киргизилген.

Бүгүнкү күндө  Eco Lift маркасындагы  заманбап лифттер Ибраимов көчөсүндөгү №26 үйүнѳ, Шопоков көчөсүндөгү №29-,30-,35- үйлөрүнѳ жана  “Чыгыш-5” кичирайонунун №30-үйүнө баардыгы болуп  7 даана лифт орнотулду.  

Ошондой эле, “Чыгыш-5” кичирайонунун №30- үйүнүн 3 подъездине  жана 10- кичирайонунда дагы лифт орнотуу иштери жүрүгүзүлүүдѳ. Мындан тышкары лифтердин эскирүү абалын аныктоо менен, башка үйлөргө дагы жаңылоо иштери пландаштырылууда.  

Түркиядан чыгарылган Eco Lift маркасындагы лифттер ЕАЭСтин сертификатына ээ болуп, коопсуздук тесттеринен өткөрүлгөн. Бул жабдыктарга Arkel өндүрүүчүсү чыгарган Arcode башкаруу системасы орнотулган. Анын жардамы менен лифтин ишин диспетчер (онлайн) режимде башкара алат. Бул лифттердин кепилдик мөөнөтү 4 жылды түзүп, өнөктөш компания  аларды тейлөө боюнча иштерин өз мойнуна алат. Белгилей кетсек, оңдоо иштери  кепилдик мөөнөтү бүткүчө жана бүткөңдөн кийин дагы жасала берет.  

Бишкек – сүйүктүү шаарым!