Свердлов районунун жашоочулары  Жибек-Жолу 270 дарегиндеги ”Жибек-Жолу” кафеси менен №76 орто мектептин ортосундагы өрт өчүрүүчү унаалар үчүн каралган жол жабык деген арыздар менен кайрылышкан.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы  шаар курулуш тармагын  караган  кызматтары менен биргеликте комиссиялык  текшерүү жүргүзгөн.

Натыйжада “Жибек-Жолу” кафесинин батыш тарабына салынган очоккана   уруксатсыз курулганы аныкталган. Аталаган жердин аянты 140 чарчы метрге жетип,  №76  орто мектептин имаратына такалып, авариялык кызматтардын унааларына жана тез жардам менен өрт өчүрүүчү унааларга  өтүүгө тоскоолдук жараткан.

Жер пйдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери объект ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң, очоккана алынып салынды.  

Бишкек – сүйүктүү шаарым!