Комиссиянын кезектеги отурумунда төмөнкү суроолор каралды: жашы жете элек өспүрүмдүн спирт ичимдик ичүүсү, мектепти себепсиз калтыруу, жашы жете элек өспүрүмдүн мүлкүн сатууга макулдук берүү жана башка суроолор.

Комиссиянын чечиминин негизинде жашы жете элек өспүрүмдөр мектептин ичиндеги жана жашы жете элек балдар инспекциясынын профилактикалык каттоосуна коюлат, андан  сырткары убактылуу реабилитациялык борборлорго жөнөтүлөт.

Турмуштук оор кырдаалда болгон   жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ата-энелерине укукту аныктоочу документерин алууда ар тараптуу юридикалык жардам, материалдык жөлөк пул жана жумушка орноштуруу каралган. Балдар иштери боюнча комиссиянын отуруму жума сайын өткөрүлүп турат.