Бүгүн Октябрь районунда “Оберег” реабитациялык  борбору жана “Рука в руке” коомдук бирикмеси менен биргеликте  “Улуу элдин маданияты” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чара аркылуу жарандарга Аутист балдар жөнүндө, физикалык жактан дени сак, бирок эл арасында өзүн алып жүрүүсү, байланышта болууда  кыйынчылык жараткан жарандар тууралуу калк арасына туура маалымат  жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү, Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын орун басары Татьяна Кузнецова, Октябрь районун билим берүү борборунун директору Айбек Давлетбаев катышты.