Октябрь райондук администрациянын кызматкерлери Октябрь районунун ИИБнын жана Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндөгү “Орто-Сай” базарында, 6-кичирайонунда  жана Сухэ Батор, Нуркамал көчөлөрүндө, ошондой эле  Асанбай жана 12 кичирайондорунда орун алган башаламан сооданы жоюу жана жол бербөө боюнча рейд жүргүзүштү.

Натыйжада 40 башаламан соода түйүнү жоюлуп, соодагерлерге көчөлөрдө башаламан соода сатыкка жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Аталган багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.