«Кыргызтелеком» ААК бардык кыска үч орундуу номерлерди тѳрт орундуу номерлерге ѳткѳрүп жаткандыгына байланыштуу, ыкчам чараларды кѳрүү кызматынын 185 номери иштебейт.

Эми шаар тургундары кайрылууларды күнү-түнү 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтыра алышат. Ал эми кѳйгѳйлѳрдү сүрѳттѳрү жана так даректери менен 0554 182-185 номерине калтырсаңыздар болот.

21-январдан 27-январга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 431 арыз жана кайрылуу келип түшкѳн. Алардын катталганы- 116, аткарылганы – 76.

Жылуулукка байланыштуу -31, электр энергиясы – 30, тышкы жарыктандыруу -12 кайрылуу.

Калган кайрылуулар сурап-билүү негизинде болгон.

Урматтуу шаар тургундары! Арыздарды WhatsApp колдонмосу аркылуу тѳмѳнкү  номерлерге жибере аласыздар:

- 0505888315 – санитардык-экологиялык инспекциясы;

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов  району) — 0703 611 806.

Шаар тургундарынын даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алуу боюнча "Бишкек 312" кызматы да иш алып барат. Өзүңүздүн арыздарыңыздарды же сунуштарыңызды калтыруу үчүн PlayMarket же AppStore  тиркемесин жүктөөңүз. Тиркемени активдештирүү үчүн өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, мобилдик телефонуңузду көрсөтүү менен бул же башка топко кире аласыз.

Тиркемени колдонуучулар турак жай, коммуналдык чарба, коомдук транспорт, жол куруу, социалдык мекемелердин иштери, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселери боюнча бөлүмдөргө кире алышат.

Андан сырткары шаардыктар "Бишкек шаарынын мэриясынын расмий каналы" бөлүмүнө өздөрүнүн сунуштарын калтыра алышат.