Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов Түркия Республикасынын Кыргызстандыгы элчиси  Женгиз Камиль Фырат менен жолугушту.

Жолугушууда Бишкек шаарынын Октябрь районунун инфраструктурасын жакшыртуу жана кызматташтык мамилелерин түзүү суроолору талкууланды. Алардын ичинен эң маанилүүсү – шаардыктарыбыз үчүн эс алууга каралган Ататүрк сейил багын оңдоо маселеси болду.

Район башчысы башка мамлекеттердин элчилери менен жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда. Мындай иш-чаралардын максаты- байланыш түзүү жана райондун өнүгүшүнө инвестицияларды тартуу.

Бишкек - сүйүктүү меймандос шаарым!