Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы №13- МАБдын аймагында рейд өткөрдү. Натыйжада Киев көчөсүнүн жана Чүй проспектисинин Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүктөрү, Жаш Гвардия бульварынын  батыш тарабы жана Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө бөлүктөрүндөгү уруксат кагаздары жок орнотулган жарнамалык штендерлер алынып салынды.

Иш-чаранынын жүрүшүндө жалпы жонунан 90го жакын жарнамалык штендер жана жеңилдетилген типтеги 3 объект алынып салынды.

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарыбыз!