К.И. Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинде Биринчи май районунун 2019-жылга карата бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга карата божомолдору боюнча жалпы шаардык угуулар өткөрүлдү.  

Бюджеттик угуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун төрагалыгы астында өттү.
     
Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев район тургундарын үстүбүздөгү жылдын бюджетинин долбоору менен тааныштырып чыкты. Божомолдор боюнча баш калаанын бюджети 8 млрд 430 млн. Болушу күтүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы турак жай- коммуналдык чарбасынын каражатын көбөйтүү пландаштырылып, резервдик фондду 32 млн сомго чейин кыскартуу пландаштырылууда. Бюджеттин жарымынан көбүн - 3,5 млрд. сомду, билим берүү системасына иштетүү пландаштырылууда.  

Талкуунун алдында чогулгандарга Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов 2019-жылга райондун бюджетинин болжолу тууралуу кыскача маалымат берди.

Жалпы шаардык угууда, шаардыктар жолдорду оңдоо, канализация жана суу менен камсыздоо, санитардык тазалоо, мыйзамсыз курулуштар боюнча  маселелер көтөрүлүп, аларга компетенттүү кызматтар жоопторду беришти.

Ошондой эле, жалпы шаардык угууга Биринчи май районунун жашоочулары, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, шаардык кеңештин депутаттары, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев, вице-мэрлер Асель Куламбаева, Максим Ситников, Рыспек Сарпашов жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышышты.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!