«Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасында унаа токтотуучу жайлардын маселесин чечкен франциялык адистер менен ишкана башчысы Асхат Түлебердиев жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага катышкан компания, Франция мамлекетинин чоң шаарларында унаа токтотуучу жайлардагы электрондук төлөмдөрдү жүргүзөн ири операторлордун бири. Белгилей кетсек, аталган система Өзбекстанда ишке киргизилген.

Жолугушууда унаа токтотуучу жайлардын абалы талкууга алынды. Чет элдик компаниянын өкүлдөрү билдиргендей, унаалар үчүн орун табуу маселесин бак - дарактарды кыйбай чечүүгө жардам бере алышат. Адистердин пикиринде, унаа токтоочу жайларды пайдалануу үчүн автоматташтырылган төлөм системасы автотранспорт кыймылын тартипке келтирип, айдоочулардын токтоочу орундарды рационалдуу пайдаланууга түрткү болот.

Бишкек – сүйүктүү санарип шаарым!