Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча иш-милдеттери жүктөлгөн адистери үчүн “Котормонун теориясы жана практикасы” жана “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” деген темада окуу семинары өткөрүлдү. Окуу семинарына 48 адис катышты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан жаңы ишке кирген адиске усулдук жардам катары “Кыргызча-орусча сөздүк” (К.Юдахин), “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” жана “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” 1-2-том китептери тапшырылды.

Окуу семинары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча иш милдеттери жүктөлгөн адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.