Иш-чара белиглүү алып баруучу Салтанат Саматова менен “Курдаш” уюмунун өкүлү Кызылгүл Каниметованын жаркын элесине арналат.

Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Курал Чокоев, Замира Мавлянова, Марат Ибраев, Жаннета Усупжанова, Анжелика, Жийдеш, Омар, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиевдер ырдаган бул кече, кайрымдуулук жарманкеси менен башталат.

Жарманкеде “Курдаш” уюмунун өкүлдөрү тиккен курак баштыктар сатыкка коюлуп, андан түшкөн каражат, онкологиялык оорудан жабыркагандарга химиотерапияга керектелчү дарылар сатылып алынат.

Белгилей кетсек, 4-февраль дүйнө жүзү боюнча рак илдети менен күрөшүү күнү катары белгиленет. Бул күндүн максаты – рак илдетине коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул дартка чалдыгуу канчалык кооптуу экенин айтып берип, бул илдеттен көз жумгандардын санын азайтуу.

Эсиңиздерге сала кетсек, коомдук ишмер жана теле алып баруучу Салтанат Саматова, өмүрүнүң соңку жылдарында бул дарт менен күрөшүп келген. Ал 47 жашында, 2018-жылы 15- августа дүйнөдөн кайткан. Салтанат Саматова рак илдетине чалдыккан көптөгөн кыргызстандык айымдар үчүн үлгү болуп, рак илдетине каршы көптөгоң иш чараларга активдүү катышып келген.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!